• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Эс алууга тоого чыгып, бутун кокустатып алган бала куткарылды

29 Бугу 202512:01 Бишкек Govori.TV

Чүйдө эс алууга тоого чыгып, бутун кокустатып алган бала куткарылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Беш-Күнгөй айылынын тоосуна эс алууга чыккан 2008-жылы туулган Б.Э. аттуу жаш бала жыгылып, бутун кокустатып алып, түшө албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө Аламүдүн райондук №1 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылып, аталган жаш баланы тоодон түшүрүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Абалы орто.

Количество просмотров: 244