• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Келинин «өз жанын кыюуга чейин жеткирген» аял беш жылга соттолду

28 Аяк оона 2021 9:29 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Турсунзаде шаарынын тургуну келинин «өз жанын кыюуга чейин жеткиргени үчүн» беш жылга соттолду. Бул тууралуу шаардык соттон кабарлашты.

Сот өкүм чыгарууда өлкө Эгемендигинин 30 жылдыгына карата кабыл алынган «Мунапыс тууралуу» мыйзамды колдонуп, айыпталуучу Зархол Мустонованын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга чейин кыскарткан. Анын жакындары өкүм адилетсиз экенин айтып, жогорку баскычтагы сотко кайрыла тургандыктарын билдиришти.

Маалыматка караганда, Мустонова 25 жаштагы келини Хуршеда Холмуродовага психологиялык басым жасап, жыйынтыгында ал быйыл 12-июнда уксус ичип каза болгон. Мустоновага карата «Адамды өз жанын кыюуга чейин жеткирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Маркум келиндин атасы Чори Холмуродов кызы өз жанын кыйбаганын, аны өлтүрүп коюшканын билдирүүдө.

«Хуршедага күч менен уксус ичиришкен. Ошондуктан прокуратура “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгошу керек болчу. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы кызымдын денесинде шишиктер, сыйрылган жерлери бар экенин көрсөткөн», — деди ал.

Өз кезегинде Мустонованын жакындары мындай айыптоолорду четке кагып, келинге карата кыйноо болбогонун билдирүүдө.

Хуршеда Холмуродова Турсунзаде шаарындагы медициналык колледждин 4-курсунда окуп жаткан. Эки жыл мурда турмушка чыгып, балалуу болгон. Жакындарынын айтымында, күйөөсүнүн туугандары анын колледждеги окуусуна каршы болуп келишкен.

Количество просмотров: 311