• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Келинин өз жанын кыюуга чейин жеткирген кайнене 5 жылга соттолду

19 Чын куран 2023 9:16 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда Рудаки райондук соту 54 жаштагы Бибинос Исмоилованы келинин өз жанын кыюуга чейин жеткиргени үчүн беш жылга эркинен ажыратты.

Сот өкүмүндө Исмоилова 2022-жылы май айында келини Гулнисо Абдуназарованы акча уурдоого айыптап, айылдаштарынын көзүнчө кемсинткени жазылган. Кайненесинин мындай мамилесине чыдабаган келин ашканага барып асынып алган.

Сотто Бибинос Исмоилова тагылган айыптарды четке кагып, келининин өлүмүнө тиешеси жок экенин билдирген. Бирок күбөлөр ал Гулнисо Абдуназарованы дайыма кемсинткенден тышкары, аны сабап да жүргөнүн айтып беришкен.

Тажикстанда 2018-жылдан бери келиндерин өз жанын кыюуга жеткирген бир нече кайнене соттолгон.

Количество просмотров: 349