• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кемелова ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү менен кызматташтыкты талкуулады

31 Бугу 2022 15:32 Бишкек Govori.TV

КР тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелованын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары Д.Кемелова Кыргызстандын саламаттык сактоо секторуна олуттуу жардам көрсөткөндүгү, ошондой эле COVID-19га каршы күрөшүүдө көмөк көрсөткөндүгү үчүн Н.Артыковага ыраазычылык билдирди.

Тараптар КР Саламаттык сактоо министрлиги менен ДССУнун Европа аймактык бюросунун 2022-2023-жылдарга карата кызматташуусу жөнүндө эки жылдык макулдашуунун алкагында Кыргызстандагы саламаттык сактоо жаатындагы негизги артыкчылыктуу багыттарды, ошондой эле жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулар, ден соолукту чыңдоо, саламаттык сактоо системасы, пандемияга карата жооп чаралары жана эпидемиологиялык көзөмөл маселелери сыяктуу 5 багыт боюнча ишке ашырылуучу долбоордук ишмердүүлүктү ишке ашырууну талкуулашты.

Н.Артыкова ДССУнун ишмердүүлүгү жана баштапкы медициналык-санитардык жардамды чыңдоодо Дүйнөлүк банктын, Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык башкармалыгынын жана Германиянын өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Кыргызстанга 55 млн АКШ долларына чукул суммага көмөк көрсөтүлгөндүгү жөнүндө маалымдады. Мындан тышкары, ДССУ өлкөнүн медициналык мекемелерине жабдууларды жана дары-дармектерди сатып алууга жардам берип жаткандыгын билдирди.

Н.Артыкова COVID-19 пандемиясы бүткүл дүйнөдө биротоло жок боло электигине байланыштуу калкты мындан ары да эмдөө зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде, Д.Кемелова ДССУнун өлкөдөгү долбоордук ишмердүүлүгүн кеңейтүү, калктын аярлуу катмарына, оор ооруларга, анын ичинде рак оорусуна кабылган балдарга жардам көрсөтүү, ошондой эле медициналык мекемелердин потенциалын чыңдоо жана өлкөнүн аймактарында жайгашкан ооруканаларды медициналык жабдуулар менен жабдуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылды.

Жыйынтыгында тараптар мындан ары жемиштүү кызматташууну улантууга даярдыгын тастыкташты.

Количество просмотров: 106