• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кемелова Нью-Йоркто делегация башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

3 Баш оона 2022 18:01 Бишкек Govori.TV

Нью-Йорк шаарында КР тышкы иштер министрдин орун басары Динара Кемелова Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимдин 10-Обзордук конференциясынын жалпы дебаттарынын алкагында делегация башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Атап айтканда, министрлин орун басары Кореянын тышкы иштер министринин көп тараптуу жана дүйнөлүк маселелер боюнча орун басары Хам Сан Вук, Жаңы Зеландиянын куралсыздануу жана курал-жарактарга контролдук министри Ф.Тюфорд, Грузиянын тышкы иштер министринин орун басары Л.Дарсалия, Румыниянын тышкы иштер министри Л.Фота, Словениянын вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Т.Файон, Норвегиянын тышкы иштер министерствосунун мамлекеттик секретары В.Петерссон жана Индонезиянын тышкы иштер министринин орун басары Т.Тариат менен жолукту.

Мындан тышкары, Япония, Иордания, Кирибати Республикасынын, Даниянын делегацияларынын жетекчилери, ошондой эле АКШнын жана Бразилиянын өкүлдөрү менен кыскача сүйлөшүүлөр болду.

Жолугушууда Кемелова эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле Кыргызстандын 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жана 2027-2028 жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин жылдыруу маселелерин талкуулады.

Ошондой эле ал Кыргызстандын куралсыздануу жана ядролук куралдарды таркатпоо маселелери боюнча билим берүүгө, Эл аралык тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылына арналган демилгелери тууралуу айтып, кыргыз тараптын тоолуу өлкөлөр тобун институционалаштыруу, тоолуу өлкөлөрдүн атайын фондун түзүү жана тоо токойлорун сактоо программасы жана башка так сунуштарга токтолду.

Количество просмотров: 138