Чүй облусуна караштуу Кемин районунда дрон жана мотодельтоплан менен Самансур, Кызыл-Октябрь, Кызыл-Суу жана Подгорный айылдарына абадан дезинфекциялоо иштери жүрдү. Бул тууралуу Govori.TVга Кемин райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, абадан дезинфекциялоо иштери “Бай-Дыйкан” ишканасынын жетекчиси Эрлис Акунбековдун колдоосу менен ишке ашкан.
«Дезинфекция адамдарга, өсүмдүктөргө, жаныбарларга зыянын тийгизбейт жана 40 күнгө чейин чачылган аймакка вирус, бактерия жолотпойт»,-деп айтылат маалыматта.