• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Кеминде израилдик турист менен жол тандабастын ээси уруша кеткен

24 Теке 202411:06 Бишкек Govori.TV

2024-жылдын 22-июлунда Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек—Нарын—Торугарт
жолунун 112-чакырымында эркектер ортосунда жаңжал чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Милиционерлер барып пикир келишпестиктин себебин иликтегенде 2024-жылдын 15-июлунда Израилдин жараны А.Р. 2024-жылдын 15-июлунда Бишкек шаарынын тургунунан «Тойота Секвойя» үлгүсүндөгү унааны ижарага алганы, ал унаа менен Нарын жана Ысык-Көл
облустарын кыдырганы маалым болот.

«Тойотанын» ээси GPS трекерди колдонуп, израилдик жаран унаасын жаман жолдо айдап
баратканын байкап, унааны алуу үчүн Кеминге келет.

Жолугушууда 1938-жылы туулган чет элдик жаран С.Ш. «унаанын ачкычын бербейм» деп жаңжал салат. Жыгылып кеткенде ооруканага алып барышат. Бирок, унаа ээсине доом жок деп арыз жазган эмес.

Количество просмотров: 254