• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Кеминде май куюучу жай өрттөндү

3 Баш оона 2021 9:28 Бишкек Govori.TV

Кеминде унаа жана май куюучу жай өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Кемин шаарында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун жээгинде «Red Petroleum» май куюучу жайында турган жүк ташуучу «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаадан өрт чыгып, толук күйгөн.

«Өрт 1 даана май куюучу колонкага өтүп жана оператордук бөлмө, ичинде жайгашкан жалпы аянты 80 чарчы метр дүкөн жана темир калай менен жабылган аянты 140 чарчы метр бастырма күйүп кетти. Болжол менен өрттүн жалпы аянты 220 чарчы метрди түзөт. Өрт толугуу менен саат 06:40та өчүрүлдү»,-деп айтылат маалыматта.

Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 165