• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Кеминдеги чиркөөнүн айнектерин сындырган жаран кечирим сурады

28 Теке 202412:05 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги Чүйдүн Кемин районунда чиркөөнүн жана үйлөрдүн терезесин сындырууга шектүү жаран кармалганын билдирди. Ага ылайык, 1977-жыл туулган жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (“бейбаштык”) менен кылмыш иши козголду, тергөө уланып жатат.

ИИМ тараткан видеодо кылмышка шектүү күнөөсүн мойнуна алган жана кандайдыр бир кастыкты козутуу ниети болбогонун билдирип, коомчулуктан кечирим сураган.

“Учурда Кеминде тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат, жыйынтыгында аймакта улут аралык чыр-чатак жана башка диний пикир келишпестик аныкталган жок. Кандайдыр бир чагым болсо ага токтоосуз чара көрүлөт”,- деп жазылган маалыматта.

Кеминдеги бул окуяга байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасы Эдил Байсалов бул аймакка барып, жолугушууларды өткөргөн.

Количество просмотров: 114