Омбудсмен Атыр Абдрахматова үйү тинтилип, милиция бөлүмдөрүнө жеткирилип жатканы айтылган жарандык активисттер боюнча Акыйкатчы институтунун кызматкерлери иштеп баштаганын билдирди.
“Мен дагы социалдык тармактардан маалымат алдым. Али Шабдан Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө, Эрлан Бекчоро Ленин райондук ички иштер бөлүмүндө экен. Рита Карасартованын үйүнө дагы кызматкерлер барышат”, — деди.
23-октябрда эртең менен “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзгөн оппозициялык саясатчы, жарандык активисттердин үйүн милиция тинтүүгө алып жатканы кабарланган.