Бишкек шаардык сотунда башталган Кемпир-Абад иши боюнча сот жараяны айрым айыпталуучулар келбей калгандыктан, 23-августка жылды.
6-августтагы отурумга айыпталуучулар Азимбек Бекназаров менен Илгиз Шаменов келген жок. Алар соттук отурумга расмий чакыруу берилбегени үчүн келген эмес.
Жараян жабык өтүп, журналисттер жана айыпталуучулардын жакындары киргизилбеди.
Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы апелляциялык арызды прокуратура 12-июлда өзгөртүүлөр менен жаңыдан сунуштаган.
Анда прокурорлор Медер Абдышев жана Замира Байбагышева айыпталуучуларга карата райондук соттун өкүмүн жокко чыгарып, аларды күнөөлүү деп таап, жаза берүүнү сураган. Мурунку апелляциялык арызда алар Биринчи май райондук сотуна кайрадан башка курамда кароого жиберүүнү өтүнүшкөн.
14-июнда Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчыны жана активистти актаган.