• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кемпир-Абад иши: Үч шектүүнүн иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүндү

12 Кулжа 202410:32 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылгандардын арасынан ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун иши өзүнчө бөлүндү.

Бул тууралуу ушул иш боюнча шек саналып Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун абактан жазган каты Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Маалыматты адвокат Кантемир Турдалиев ырастады.

Бектур Асанов ооруп жаткандыктан 7-февралда, Кеңешбек Дүйшөбаев ушундай эле негиз менен 21-майда эркиндикке чыккан. Кубанычбек Кадыров болсо март айында үй камагына бошотулган. Ал бир мандаттуу №36 Ысык-Кѳл шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койду.

10-июндагы жараянда прокурорлор соттон Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы жана активисттердин ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сураган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында жатат. Калгандары түрдүү жагдайда эркиндикке чыккан.

Количество просмотров: 230