• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Зулушев менен экс-спикер бийликти басып алууга байланыштуу иш тууралуу үн катты

28 Бугу 202618:07 Бишкек Govori.TV

«75тин каты» деп аталган иш боюнча айыпталуучулар жабык сот процесси башталгандан кийин алгачкы жолу үн катышты. Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Курманкул Зулушев жана Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу журналисттерге аталган кылмыш иши боюнча комментарий беришти.

Нурланбек Тургунбек уулу бул документке эч кандай тиешеси жок экенин жана аны көрбөгөнүн билдирди.

«Мен ал учурда Түркияда кызматтык сапарда жүргөм. Бул кат чыкканда Кыргызстанда болгон эмесмин. Баары менин кабарымсыз болгон. Ал катты өзүм да көргөн эмесмин», — деди ал.

Ошол эле учурда мурдагы спикер коомчулукту соттун чечимин күтүүгө чакырды.

«Азыр сот процесси башталды, баарын угасыздар. Азырынча сабыр менен күтүү керек», — деп белгиледи ал.

Курманкул Зулушев да коюлган айыптар боюнча кеңири комментарий берүүдөн баш тартып, сот процесси жабык өтүп жатканын жүйө келтирди.

«Айып боюнча азырынча эч нерсе айтуунун кереги жок. Сот жүрүп жатат», — деди мурдагы башкы прокурор.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жана “75чилердин катына” байланыштуу деп айтылган кылмыш иши боюнча соттук териштирүү 28-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда уланды. Бул иш жашыруун материалдарга байланыштуу жабык тартипте каралууда.

Количество просмотров: 444