Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы кызматкерлеринин мыйзамсыз жана коррупциялык иштерине байланыштуу Аскер прокуратурасы 18 кылмыш ишин козгоп, тергеп жатат. Бул тууралуу башкы прокурор Максат Асаналиев парламенттин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин 7-апрелдеги жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, козголгон кылмыш иштердин алкагында УКМКнын тогуз кызматкери жоопкерчиликке тартылып, сегизи соттун чечими менен камалган. Бирөө үй камагына чыккан. Асаналиев кылмыштардын ичинде купуя материалдарга байланыштуу бир иш бар экенин, ал дагы тергелип жатканын кошумчалады.
Башкы прокурор УКМКнын мурдагы кызматкерлеринин үстүнөн 386 арыз каралып жатканын, арасында такталбай калган, текшерилип жаткан материалдар бар экенин белгиледи.
Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалыгынан бошоткон. Ошондон кийин УКМКнын бир катар кызматкерлери кармалып, иштен алынды.