• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

«Кемпир-Абад» Курултайынын катышуучулары бийликке талаптарды коюшту

15 Тогуздун айы 202216:56 Бишкек Govori.TV

Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултай өтүп, анда резолюция кабыл алынып бийликке жөнөтүлдү.

Курултайга Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Адахан Мадумаров, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, саясатчылар Жеңиш Молдокматов, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров жана башка саясатчылар, жарандык активисттер, жергиликтүү тургундар катышты.

Чогулуштун жыйынтыгы менен кабыл алынган резолюцияда Кемпир-Абад боюнча кыргыз-өзбек келишимин жокко чыгаруу, чек ара боюнча келишимдерди ачыктоо, чек араны аныктоо жана тактоо иштерин аткарган комиссиясын кайра түзүү талабы коюлду.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырган. Жыйынга тармактык комитетке мүчө 14 депутаттын 10у катышып, төртөө каршы добуш берген.

Эми документке тең эки өлкөнүн президенттери кол коюп, андан соң Жогорку Кеңеште ратификациядан өтүшү керек. Жыйын жабык өткөн. Анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстанга өттү делген жерлерди атаган.

Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Количество просмотров: 202