• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Кемпир-Абад» маселесин чечүүгө мораторий коюп туруу зарылбы? Депутаттар жооп берет

2 Жетинин айы 2022 16:13 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу боюнча кыргыз-өзбек келишимин жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришкен. Маалым болгондой, жети эл өкүлү макулдашууну колдогон.


Бул жыйынга катышкан, комитеттин мүчөсү депутат Нуржигит Кадырбеков «Кемпир-Абад» тууралуу маселеге убактылуу мораторий коюп турууну сунуштады. Калган эл өкүлдөрү эмне дейт? Төмөнкү жактан көрүңүз:


Кошумчалай кетсек, буга чейин, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун колдогон. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы добуш берген.


Комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков өзү документтерди көрмөйүнчө макулдук бербесин билдирип, комитеттин чечимине кол койгон эмес.


Көп өтпөй 20-октябрда Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагалыгынан мыйзамды одоно бузуу менен алынган.

Количество просмотров: 436