• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Кемпир-Абад суу сактагычына 2 өспүрүм чөгүп кетти

6 Бугу 202215:47 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад суу сактагычына эки өспүрүм чөгүп кетти. Маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы тастыктады.

Каргашалуу окуя 2-майда катталган. Сууга чөгүп кеткен балдар 14-15 жашта болгон. Балдардын сөөгүн айылдаштары табышкан.

«Милиция соттук-медициналык текшерүүнүн жыйынтыгына таянып, алардын сууга чөгүп кеткенин ырастады. Кемпир-Абад суу сактагычына чөмүлүүгө тыюу салынары тууралуу жазуулар илинген. Бирок ага карабай сууга түшкөндөр болууда»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 304