• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кемпир-Абадды биргелешип башкаруу тууралуу депутаттар эмне дейт?

2 Жетинин айы 2022 16:35 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу боюнча кыргыз-өзбек келишимин жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришкен. Маалым болгондой, жети эл өкүлү макулдашууну колдогон. Бул тууралуу эл өкүлдөрү эмне дейт? Бул жактан көрүңүз:


Кошумчалай кетсек, буга чейин, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун колдогон. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы добуш берген.


Комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков өзү документтерди көрмөйүнчө макулдук бербесин билдирип, комитеттин чечимине кол койгон эмес.
Көп өтпөй 20-октябрда Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагалыгынан мыйзамды одоно бузуу менен алынган.

Количество просмотров: 191