• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Манас» эл аралык аэропортун Татарстандын инвесторуна тышкы башкарууга өтөбү?

20 Чын куран 2021 9:40 Бишкек Govori.TV

«МЭА» ААКнын жетекчилиги «Ядран» финансылык компаниясы менен болгон жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу түшүндүрмө берди.

Маалыматта «Манас» эл аралык аэропортун Татарстандын (РФ) инвесторуна тышкы башкарууга өткөрүп берүү жөнүндөгү маалымат чындыкка дал келбестиги айтылып, бул боюнча төмөндөгүлөрдү кабарланды:

Учурда «МЭА» ААКнын жетекчилиги инфраструктуралык иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу, аэропорттордун киреше бөлүгүн кеңейтүү, «МЭА» ААКнын түздөн-түз жана кыйыр кирешелерин камсыздоо үчүн жаңы ишмердүүлүктөрдү жогорулатуу боюнча активдүү иш алып барууда.

Бүгүнкү күндө, кытай, түрк жана ички инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бул иш чаралардын чегинде «ЯДРАН» БК ЖЧКсынын жетекчиси И.Салихов менен жолугушуу болуп өттү.

«МЭА» ААКнын Башкы директору Б. Шаршеев инвестицияга муктаж болгон компаниянын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берген. Анын ичинен, «Манас» жана «Ош» аэропортторунун эскирген учуу-конуу тилкелерине реконструкция иштерин жүргүзүү зарылчылыгы тууралуу маселени көтөргөн. Сүйлөшүүлөр таанышуу маалыматтык мүнөздө өткөн. «Манас» аэропортун тышкы башкарууга өткөрүп берүү маселеси «МЭА» ААКнын жетекчилиги тарабынан каралбайт.

Белгилей кетчү нерсе, «ЯДРАН» БК ЖЧКсынын өкүлдөрү Кыргызстанга өздөрү үчүн рынокту жана инвестициялык ишмердүүлүктү талдоо үчүн келишкен. «МЭА» ААКнын инфраструктурасынан тышкары мобилдик байланыш жана энергетика тармагында кызматташуу жолдорун карап көрүшүүдө.

Буга чейин «Манас» аэропортун 100 миллион долларлык инвестицияга Татарстандын «Ядран» компаниясына 25 жылга берүү мерчемделип жатканы айтылган. Кошумчалангандай мындай чечим дал ушу жогоруда айтылган жолугушууда чечилген.

Эске салсак, буга чейин сырткы инвесторлорго компанияны өткөрүп берүү аракеттеринин бардыгы элдин каршылыгы менен аяктаган. Себеби «Манас» ААК азыркы учурда мамлекеттик акциясы бар кирешелүү бирден-бир компания. 2019-жылы компаниянын таза пайдасы 2 108 254 000 сомду түздү. Мамлекет өз кезегинде дивиденд түрүндө 1 миллиард сомдон ашык акча алган.

Количество просмотров: 99