• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров: «Кумтөр» эки айдан бери башкаруусуз турат

17 Бугу 2021 11:10 Бишкек Govori.TV

Кумтөр алтын кениндеги ишмердүүлүк эки айдан бери көзөмөлсүз турат. Бул тууралуу 17-майда Акылбек Жапаров алтын кениндеги абалды талкуулоо үчүн чогулган парламенттин кезексиз жыйынында айтты.

“Жума күнү мөңгүлөрдүн коопсуздугунун жана алардын жылып туруусунун абалын көзөмөлдөөчү система өчтү. Бул ошол зонада иштеген адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирет. Эки айдан бери Кумтөр кенинде башкаруу жок. Ортоңку звенодогу биздин адистер иштеп жатышат. Бирок негизги адамдар чыгып кетишкен. Санкциясыз өчүрүүнү биздин укук тартибин коргоо органдары карап жатышат. Биз аны калыбына келтирип жатабыз”, — дейт ал.

16-майда Кумтөрдү иштетип жаткан канадалык “Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыяланды.

12-майда Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапапов ““Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтыруу сунуш кылынып жатканын” билдирген, компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан.

Количество просмотров: 153