• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кемпир-Абаддын жери толук берилип, суусун орток башкаруу пландалууда

10 Тогуздун айы 2022 14:27 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Өзбекстанга 4485га жер берип, ордуна 19699га жер алды. Мындай билдирүүнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетитинин жыйынында, кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо маселеси тууралуу маалымат берип жатып айтты.

Анын айтымында, Кемпир-Абад турган 4485 гектар суунун жери Өзбекстандын карамагына өткөрүүгө макулдашылды. А бирок сууну тең башкаруу келишимин кеңешишти. 8 кишиден турган башкаруу ишкана курулуп, эки өлкөдөн 4төн киши сууну башкарат.

«Мындай келишим эки өлкөгө тең пайдалуу. Анткени айтылган 19699 гектар жерди кайтарып берип, Кемпир-Абадды толук бойдон өлкөгө алып калсам болмок. Бирок, анда Өзбекстандын 2 миллион гектар жери сугатсыз калмак. Кыргызстан дагы бир канча айдоо жана жайыт жерден айрылмак», — деди Ташиев.

Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн жерлердин тизмеси:

  • Гавасай — 12 872га
  • Көк-Серек айылы — 105 га
  • Баястан — 212 га
  • Үңкүр-Тоо — 35 га
  • Ак-Таш — 100га
  • Шарихан-Сай 19,5 га
  • Кара-Белес 25 га
  • Өзгөн жана Сузак райондоруна — 1000 га.
Количество просмотров: 2641