Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна КР билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
КР билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлиги КР Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.
Белгилей кетсек, бүгүн Садыр Жапаров кол койгон дагы бир Жарлыкка ылайык, Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Усеков Уланбек Абдилазизович Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруудан бошотулган.