• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Агартуу министринин милдетин Кендирбаева аткарат

12 Бугу 202516:54 Бишкек Govori.TV

Догдуркүл Кендирбаева агартуу министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына, 71-беренесине ылайык Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын агартуу министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Агартуу министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлиги Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызcтанда Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин базасында эки министрликти — Агартуу министрлигин жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигин түзүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Количество просмотров: 312