• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Кендирбаева: Эми ата-энелер фонду жабылат

4 Тогуздун айы 20239:29 Бишкек Govori.TV

Эми ата-энелер фонду жабылат, мектептин күнүмдүк муктаждыктарын камсыздоо маселеси чечилди жана каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Билим берүү министринин милдетин аткаруучу  Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Анын айтымында, ата эне сөзсүз түрдө баланын сапаттуу билим алуусу үчүн мектеп менен бирдиктүү ишмердүүлүктү натыйжалуу жүргүзүү зарыл.

«Мындан ары башталгыч класста ар бир ата эне мугалимдин жардамчысы катары бир күндөн кошо иштөөнү сунуштайм. Мугалимдин жардамчысы же ассистенти катары ар бир ата эне ыктыярчы болуу демилгесин сунуштайм. Кандай дейсиздер, бир күн бир айда бала үчүн балаңыз окуган класска жардам берүү оордук кылбайт деп ойлойм!»,-деген ал.

Количество просмотров: 1715