• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кепшн видео: 5-президент Жээнбеков элдин эсинде эмнеси менен калды?

16 Жетинин айы 2022 18:07 Бишкек Govori.TV

16-ноябрда Кыргызстандын 5-президенти Сооронбай Жээнбеков 64 жашка чыкты.

Ал Оштун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган.

Зооинженер адистиги боюнча жогорку билимдин ээси.

Эмгек жолун мектепте орус тилинен мугалим болуп баштаган.

Жээнбеков 2017-жылы 15-октябрда президент болуп шайланып, “досу” Алмазбек Атамбаевдин тактысын өткөрүп алган.

Бирок, Жээнбековду бийликке сүйрөп келген Атамбаев менен “достугу” көпкө узаган жок.

“Эки достун тирешинин” жыйынтыгы Атамбаевдин камакка алынганы менен бүттү.

Ал эми президенттик ишине киришип жатып, Жээнбеков кортежден баш тартып, жолдорду жаптырбоо чечими коомчулуктун көңүлүнө жаккан.

Премьер кезинде эле жеткечилерди тилдеген Жээнбеков президенттик кызматында да чиновниктерди зекип, эл алдында тургузуп алып урушканы бар эле.

Жээнбеков сүйлөп жатып жаңылып коомчулуктун талкуусуна жем болуп, айрымдары шакабага да айланчу.

Элдин эсинде Жээнбековдун алгачыкы эмгек өргүүгө чыкканы калды.

Ал эми “факты жок” деген сөзү коомчулукка терең жайылды.

2020-жылдагы октябрь окуялары Жээнбековдун ажолуктан мөөнөтүнөн мурда кетүүсүнө себеп болду.

“Элимдин тынчтыгы, кызматтан жогору” деген Жээнбеков, элден кечирим сурап, президенттиктен 16-октябрда кетти.

Ал эми азыр айрымдар Жээнбековду октябрь окуялары боюнча жоопкерчиликке тартуу керек десе, айрымдар экс-президент катары берилген ыйгарым укутарына нааразы болуп келишет…

Количество просмотров: 487