• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кепшн видео: 87 адам набыт болгон Апрель окуясына 11 жыл

7 Чын куран 202113:34 Бишкек Govori.TV
  • Сексенден ашуун адамдын өмүрү кыйылган 7-апрель окуясына бүгүн 11 жыл толду. Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен эскерүү иш-чаралары өттү.
  • Аянтка кандуу окуяда курман болгондордун жакындары дагы келип куран окушту. Рахат Шыгаев ыңклабда бир тууган инисин жоготкон. Ал баласын көрбөй кеткенин айтты.
  • Жаныбек Ажымамбетов коогалаңда улуу баласынан ажыраган. Ал жыл сайын ушул күнү аянтка келип куран окуп кетет.
  • 2010-жылы 7-апрелде эл Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыгышкан.
  • Демонстранттарга ок атылып, 87 киши набыт болгон. Миңден ашуун адам жаракат алган.
  • Бакиев жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан.
  • Апрель окуясы боюнча 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон.
  • Ал эми Курманбек Бакиев өзү жана жакындары сыртынан кесилген.
  • Бирок, күнөөлүүлөрдү Кыргызстанга экстрадициялоо аракетинен жыйынтык боло элек…
Количество просмотров: 1851