• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кепшн видео: Ар бийликтин тилин тапкан Акылбек Жапаров өзү ким?

13 Тогуздун айы 2021 18:55 Бишкек Govori.TV

Эгемен Кыргызстандын өкмөтүнүн башына келген 32-жетекчи Акылбек Жапаров 1964-жылы Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында туулган.

Саясий айдыңда Жапаров баардык президенттер менен иштешкен саясатчы катары сыпатталып келет.
Ал бир катар чуулгандуу демилгелери, сунуштары менен да эсте калды.
Ар бир келген бийликтин тилин тапкан Жапаровдун эмгек жолуна көңүл бурсак:

  • Ал 1986-жылы Фрунзедеги Политехникалык институтун, 2002-жылы борбордогу Финансы-экономикалык академиясын бүтүргөн.
  • Алгач Политехникалык институттун илимий кызматкери болуп иштеген.
  • Кийин биринчи вице-премьер-министрдин жардамчысы, башкы салык инспекциясынын инспектору болгон.
  • 2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты,
  • 2005-2007-жылы экономика жана финансы министри,
  • 2007-жылдын февралынан декабрь айына чейин финансы министри,
  • 2007-2009-жылы Соода жана экономикалык өнүгүү министри,
  • 2009-жылдан 2010-жылга чейин биринчи вице-премьер-министр,
  • 2010-2011-жылы V чакырылыштагы “Ар-намыс” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты,
  • 2011-2012-жылы Каржы министри,
  • 2015-жылдан бери Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынан депутат,
  • 2021-жылы экономика жана финансы министри болгон.
Количество просмотров: 3232