• Жума 29 Аяк оона 2023
  • Пятница 29 Сентябрь 2023

Кепшн видео: Каникулдагы депутаттар эмне менен алек?

18 августа 2022 в 14:48 Бишкек Govori.TV


VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары сентябрга чейин каникулга тараган.
Бул күндөрү кайсы депутат эмне менен алек? Байкап көрөлү.

«Чү» дегенде эле депутат Балбак Түлөбаевдин Ысык-Көлдөгү эс алуусу көпчүлүктүн назарын өзүнө бурду.

Ал эми Жусупбек Коргонбай уулу Каркыра жайлоосунда эс алып жүргөнүн көрүүгө болот.

Президенттин кудасы, ЖК депутаты Акылбек Түмөнбаев Сыдыкбековдун 110 жылдык мааракесин, ага кошуп Жумадыловдун 90 жылдыгын белгилеп, Каркырада чоң иш-чара уюштурду. Кечээ жакында болсо балбандарды тосуп алып, сый көрсөттү.

Эл өкүлү Малиев Жети-Өгүздө футбол боюнча кубок өткөрдү.

Депутат Атазов менен Козуев мектептердин курулуш иштери менен таанышып жүргөн сүрөттөрүн жарыялашты.

Нуржигит Кадырбековдун дагы жайкы эс алуусу көңүлдүү өтүп жатканын анын соцтармактагы баракчасына жарыяланган билдирүүлөрүнөн байкаса болот.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов болсо лента кесип, айрым имараттардын ачылышына катышты.

Количество просмотров: 787

Ош базар менен автобекеттерди шаар сыртына чыгарууга кошуласызбы?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда