• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кепшн видео: Кармалган Болоттор, актанган аткаминер

24 Үчтүн айы 2022 18:41 Бишкек Govori.TV

Temirov LIVE YouTube каналы «Эки күндө 37 миллион сом кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөө жарыялады.

Көп өтпөй, укук коргоо органдары Temirov Live редакциясында тинтүү жүргүзүп, “наркотикалык зат табылды” деген шек менен иликтөөчү журналистти кармады.

Ташиев Темировдун кармалышын анын ишмердигине байланыштырган жок. Ал иликтөөнү “карандай калп” деп атады.

Ошол эле күнү Temirov LIVE менен кызматташкан төкмө акын Болот Назаров да кармалганы маалым болду.

Жарандык коом жана маданият өкүлдөрү алардын кармалышын «сөз эркиндигине басым жана куугунтук» деп баалап митингге чыгышты. ​

Бул арада президент Жапаров окуя боюнча билдирүүсүн Facebook баракчасына жарыялап, «журналистсиңби, чиновниксиңби же жөнөкөй жарансыңбы – баарыбызга мыйзам бирдей иштейт» деген пикирин жазды.
Ал эми күч органдары Темиров менен Назаровду маңзатка байланыштуу түшкөн арыздын негизинде кармашканын билдиришти.

«Темировду камабай эле иликтөөнү уланта берсе болот» деген Ташиевдин маалымат жыйындагы пикиринен кийин журналист камактан чыгарылды.

Эч жакка чыкпоо чечими менен бошотулган журналист Болот Темиров өзүнүн кармалышын иликтөөгө байланыштырды.

Жарандык коом арачага түшкөндөн кийин төкмө акын Назаров да үй камагына чыкты. Деген менен сот алардын кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Натыйжада өкмөт иликтөөдөгү компаниялардын иши менен жакындан тааныштыруу үчүн журналисттерди Жалал-Абадга алып бармай болду.

Болот Темиров Кыргызстандагы иликтөөчү журналисттердин бири. 2020-жылы мурдагы бийликтин тушунда дагы кол салууга кабылганы белгилүү.

Болот Назаров — төкмө акын. Ал жемкорлук сыяктуу маселелерди көтөрүп, YouTube каналы аркылуу коомчулукка сунуштап келет.

Количество просмотров: 1805