• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Президенттин администрациясы үч медианын ири долбоорлор жөнүндөгү иликтөөсү боюнча жооп берди

29 Бугу 2024 16:28 Бишкек Govori.TV

Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө борбору (OCCRP), Temirov Live жана “Клооп” басылмалары Кыргызстандагы курулуш жана башка багыттагы ири долбоорлор жөнүндө биргелешкен иликтөө жарыялады. Иликтөөдө мамлекет ишке ашырып жаткан 11 долбоор тууралуу кеп болот. Анын ичинен алтоону каржылоонун суммасы 137 млн доллар экени, калган бешөөнө канча акча бөлүнгөнү белгисиз экени баяндалат.

Долбоорлордун ичинде Балыкчыдан Кара-Кечеге чейин салынып жаткан темир жол үчүн шпал даярдоо, чек ара жаңжалынан кийин Баткен облусунда турак жайларды салуу, президенттин жаңы администрациясын куруу, Караколдун аэропортун жаңылоо, “Асман” шаарын куруучулар үчүн жатакана салуу, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында үйлөрдү салуу, Ысык-Көлдөгү балдардын реабилитациялык борборун оңдоо, “Ала-Арча” улуттук паркына конок үйлөрдү салуу, Ысык-Көлдөгү Жыргалаң курортун реконструкциялоо жана Бишкектеги ипотекалык үйлөрдү куруу боюнча эки долбоор аталган.

Иликтөөчү журналисттер аталган долбоорлорду ишке ашырууга келишим түзгөн беш компаниянын аталыштарын жана кожоюндарын аныктап чыгышкан. Материалдарда алардын баары бири-бири менен байланышта экени, жетекчилери же ээлери президент Садыр Жапаровго, анын уулу Рустам Жапаровго жана Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевге катышы бар экени баяндалган.

OCCRP, Temirov Live жана “Клооп” басылмалары баяндалган маселелер жөнүндө Президенттин администрациясынан жана Президенттин иш башкармалыгынан комментарий ала албай койгонун билдиришкен.

Материал жарыяланган соң Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков медиалардын иликтөөсү тууралуу текст түрүндө жооп берди.

“Клооп” менен журналист Болот Темиров буга чейин да көп жолу жалган айыптоолорду, такталбаган маалыматтарды жарыялап келишкен. Бири өлкөдөн чыгарылган, экинчиси мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келген маалыматтары үчүн ишмердүүлүгү токтотулган. Алардын кезектеги иликтөөсү каралоо максатында даярдалган деп белгилейм. Келтирген аргументтери өңчөй манипуляция. Чынын айтыш керек, буларга эч ким ишенбейт. Себеби, мамлекетте жасалып жаткан иштердин натыйжаларын эл көрүп жатат. “Клооп”, Темировдор буга чейин дагы калптарды жазып келген, мындан ары дагы уланта беришет. Буга жакшы жооп бар, “ит үрө берет, кербен жүрө берет”. Жетекчибиз дагы, мындан кийин Болот Темиров сыяктуу жалганчыларга эч кандай реакция жасап, алаксыбагыла деген багыт берген. Андыктан бул иликтөөгө көңүл буруунун да кереги жок”, – деди Орунбеков “Азаттыкка” берген комментарийинде.

Количество просмотров: 135