• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМК «Насоновское» алтын кенине Камчыбек Ташиевдин тиешеси жоктугун билдирди

13 Жалган куран 202511:31 Бишкек Govori.TV

«Kлooп» жана «Темиров Live» тараткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Буга чейин аталган басылмалар атайын кызматтын башчысынын «Насоновское» алтын кенине катыштыгы бар болушу ыктымал деген макала жарыялаган. Буга байланыштуу УКМК аталган кендин жалгыз ээси Кыргызстандын жараны Боотаев Азрет Түркменович экенин, ага карата мурда К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобундагы ишмердүүлүгү боюнча иш козголгондугун маалымдайт.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө «Насоновское» кенин мурдагы жеке менчик ээси А.Боотаев «Консульере Групп» ЖЧК компаниясына жетишилген макулдашуулардын негизинде, кенди иштетүүгө милдеттүү түз инвестициялардын шарттары менен сатканы аныкталган.

Бирок, кийинчерээк «Консульере Групп» ЖЧКсы «Насоновское» кенин сатып алгандан кийин мамлекетке жүктөлгөн милдеттерди аткарбай койгону, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында социалдык милдеттенмелерди өз убагында төлөбөгөндүгү, салык карыздары бар экендиги жана комбинаттын өндүрүшүн өнүктүрүүгө инвестицияларды тартпаганы аныкталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралар комплексинин жыйынтыгы боюнча, 2025-жылдын 12-мартында «Насоновское» кенин иштетүүгө лицензия жокко чыгарылган жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги аркылуу мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилген.

«Бул контекстте министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы КАмчыбек Ташиевдин «Насоновское» кенин ишкердик субъекттери тарабынан өздөштүрүү жана иштетүү маселелерине эч кандай тиешеси жоктугун жана болбогонун белгилей кетүү керек», — деп айтылат маалыматта.

УКМК коомдук пикирди бурмалоого кызыкдар болгон элементтерди таратып жаткан жалган жана чагымчыл маалыматтарга ишенбөөгө чакырат, ошондой эле жалган маалыматты жайылтуу үчүн жарандардын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген учурдагы жоопкерчиликти эскертет.

Эске салсак, Клооп сайты 10-март күнү иликтөөсүн жарыялап, 2023-жылы 4-октябрда УКМК тарабынан өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлүмүнөн көп өтпөй ишкер Азрет Боотаев кармалып, ага Көлбаевдин кылмыштуу тобунун акчасын адалдоо айыбы тагылганын жазган. Иликтөөдө Боотаевдин Чүйдөгү Насоновское алтын кенин иштетүүгө лицензиясы болгону, бирок ал кармалгандан бир жарым жыл өткөндөн кийин лицензиясына ээлик кылган «Акжолтой Майнинг» компаниясын Артур Алыбаев аттуу ишкерге жана «Консульере Групп» атту компанияга өткөрүлүп берилгени, Артур Алыбаев УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин досу Айбек Алыбаевдин уулу экени айтылган.

Количество просмотров: 140