• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кепшн видео: Кумтөрдүн Кыргызстанга өткөнүнө 8 ай болду… Кандай өзгөрүүлөр орун алды?

14 Үчтүн айы 2022 20:01 Бишкек Govori.TV

Кыргыз өкмөтү Кумтөрдү иш жүзүндө өзү иштетип, тапкан пайданы өзү алып жатканы менен «Центерра Голд» менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы чыга элек.

Деген менен бул 8 ай аралыгында өлкө казынасына канча киреше түшкөнү ачык айтыла элек.

Ал эми КанатКурмановдун айтымында,“Кумтөр” бюджетке жылына 200 дөн 400 миллион долларга чейин пайда алып келе алат.

Бул жылга карата Кумтөр 15 тоннанын тегерегинде алтын өндүрүүнү пландоодо. Ал эми 2021-жылы 13 тоннанын тегерегинде алтын казылган.

Кошумчалай кетсек, Кумтөрдөн чыккан алтын “Кыргызалтынга” гана сатылат.

Кенде бери дегенде дагы 10 жылга жете турган алтындын запасы бар.

Сырттан башкаруу кендин өндүрүү ишине таасир берген эмес. Буга чейин кандай тартип менен казуу иштери жүрсө азыр деле ошол нукта жүрүп жатат.

Жаңы башкаруу киргени компаниянын кадрдык саясатында өзгөрүүлөр болгон.

«Кумтөрдүн» директорлук кызматын Казакстандан чакыртылган адис ээлесе, 18 чет элдик кызматкерди кетирүү менен 200 жергиликтүү кызматкерге иш берилген.

 “Кумтөр” кени Борбордук Азияда эң ири алтын кенинин бири. Анда учурда 4200дөй адам иштейт.

Количество просмотров: 395