• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

50 миллион долларлык алтын кени мамлекетке кайтарылды

4 Тогуздун айы 202417:12 Бишкек Govori.TV

УКМК тарабынан кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), ошондой эле К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо боюнча катталган кылмыш ишинин материалдары боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында «Апрелское AZI» алтын кени жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган жерде алтындын жалпы кору 10 тоннага жакын жана 15 тонна күмүштү түзүп, алдын ала эсептөөлөр боюнча кендин баасы 50 миллион доллар.

Учурда УКМК тарабынан кылмыштуу жол менен, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү тарабынан алынган мүлктөрдү аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Количество просмотров: 177