• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кепшн видео: Курулуп жаткан көп кабаттуу үй жай тургундарга кулады

28 Жалган куран 2022 19:08 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалы урап, Жаш Гвардия № 75 дарегиндеги турак жайдын үстүнө кулады.

Кырсыктын кесепетинен жалпы 3 адам жаракат алды. Алардын бири 28 жаштагы Нуркыз Абдылдаева. Окуя болгон күнү үйдө жалгыз болгон.

Имараттын биринчи жана экинчи кабатынан төрттөн, жалпы сегиз батир жашоого жараксыз болуп калды.

Үй 1954-жылы курулган, бүгүнкү күндө 34 тургун жашайт. Жашоочулар эки үйдүн ортосунда аралык сакталбаганына нааразы.

Дубалы ураган үйдү «KG Vostok Service» аттуу компания куруп жаткан. 15 кабаттуу үйдүн курулуш иштери 2020-жылы башталган.

Ал эми аталган курулуш компания комментарий берүүдөн баш тартты.

Жашоочулардын айтымында, компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу.

Аты аталган депутат социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, депутаттык мандат алгандан кийин курулуш компанияны өткөрүп бергенин айтып чыкты.

Бишкек шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгы окуя боюнча комиссия түзүлүп, иш козголгонун билдирди.

Жашоочулар маселе көптөн бери чечилбей келе жатканына токтолушту. Кызыгы, «KG Vostok Service» компаниясы алар жашаган үйдөн бир бөлмөлүү батирди сатып алып койгон.

Жаш Гвардия № 75 дарегиндеги турак жайдын жашоочулары буга чейин тийиштүү органдарга кайрылышканы менен майнап чыккан эмес.

Ал эми турак жайда жашоо кооптуу бойдон калууда.

Количество просмотров: 4949