Окуу жылынын башталышына аз убакыт калып, мектеп камылгасы башталды. Govori. TV “Дордой” базарына барып, окуучуларды мектепке даярдоого быйыл канча каражат талап кылынарын билип көрдү.
Кийим-кече, окуу куралдары былтыркыга караганда бир топ кымбаттаган:
Баанын кымбаттаганы ата-энелерге да сезилип жатат. Сатуучулар болсо буга АКШ долларынын туруксуз баасы менен пандемиядан кийинки абалды негизги себеп кылышууда.
Быйыл бирдиктүү форма кийүү талабы коюлган жок. Ага карабай мектепке бара турган балага кийим, окуу куралдарын алууга орточо 10 миң сом кетери белгилүү болду.
Былтыркы жылы баланы мектепке даярдоодо базар-дүкөн баалары кандай болгонун төмөндөгү материалдан көрө аласыз.