• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кепшн видео: Кымбаттаган кумшекер, паникага алдырган калк

14 Жалган куран 2022 15:58 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы асман чапчыды. Дүкөндөрдө өсүмдүк майынын литри 180-185 сомдон сатылууда.

Ал эми маркеттерде кумшекер 67 сом, бул баада ар бир сатып алуучуга суткасына 1 килограммдан гана сатылат. Салмагы 1 килограммдан ашкан кумшекер алсаң 85 сом.

Бишкектеги “Народный”, “Фрунзе”, “Глобус” өңдүү тармактык маркеттерде өсүмдүк майы менен шекер жок болууда.

Экономика министрлиги Министрлер кабинети жана ассоциациялар менен бул жаатта антикризистик план иштелип чыкканын кабарлады.

Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, кымбатчылыкка доллардын кунунун өсүшү жана тышкы жагдайлар себеп болууда.

Азык-түлүк кымбаттап эле баратат. Арзандатуунун жолу барбы?

Количество просмотров: 1480