Киев шаарындагы эл аралык турнирде Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта мелдешти жеңди.
Ал финалда украиналык балбан Илона Прокопевнюкту 9:7 эсебинде утуп, алтын медаль тагынды.
27-февралда Мээрим Жуманазарова менен Үзүр Жусупбеков алтын байгени алышты.
Ал эми белгилүү балбан Жоламан Шаршенбеков күмүш медаль тагынмай болду.
Ошондой эле Айпери Медет кызы күмүш, Бекболот Мырзаназар уулу коло байгеге арзыган.
Өлкөнүн грек-рим жана эркин күрөшү боюнча 29 балбаны Киевде намыс талашканы барган.