• Жума 29 Аяк оона 2023
  • Пятница 29 Сентябрь 2023

Кепшн видео: Кышында эл тоңбойбу?

5 октября 2021 в 18:07 Бишкек Govori.TV

2021-2022-жылдагы күз-кыш жылытуу мезгилине өкмөттүн токтому боюнча 1 миллион 650 миң тонна көмүр керек.

Көмүрдүн миллион тоннасы Кара-Кечеден алынат. 643 миң тоннасы импорттолот. Жылуулук электр борборунун кампасында бүгүнкү күндө канча тонна көмүр бар?

Ошондой эле жылуулук берүү агрегаттары, буу казандар штаттык тартипте иштеп жатканы кабарланды. Суук түшкөнү калаада кара түтүн маселеси калкып чыгат. ЖЭБ абага канча пайыз зыяндуу заттарды бөлүп чыгарат?

Жылуулук электр борбору 1969-жылы расмий түрдө ишке кирип, ал бүгүнкү күнгө чейин шаардагы үйлөргө жылуулук берип келет.

2018-жылы кыш мезгилинде ЖЭБде авария болуп, шаардыктар бир жума жылуулуксуз калган. Бул кырсыктын аягы ЖЭБдеги коррупциянын бетин ачууга себепчи болгон.

Бул боюнча бир катар аткаминерлерге кылмыш иши козголуп, кээ бирлери жазасын алып, кийинки сот иштери улантылып жатат.

Количество просмотров: 323

Ош базар менен автобекеттерди шаар сыртына чыгарууга кошуласызбы?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда