• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кепшн видео: Мүдөөсү ишке ашпай калган «Жоогазын революциясы»

24 Жалган куран 2021 18:09 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бийликтин алмашуусуна алып келген 3 ыңкылап өттү.

Алардын бири «Жоогазын ыңкылабы». Бүгүн ал ыңкылапка 16 жыл толду.

2005-жылы 24-марттаэл өлкөнү 15 жыл башкарган Акаевдин бийлигине каршы чыгышкан.

Демонстранттар Акаевди үй-бүлөлүк башкаруу системасын түзүүгө айыпташкан.

Нааразычылыгы көбөйгөн эл бийликке ошол эле күнү басып алган.

Ал эми Акаев үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен.

Ыңкылапта эл чектен чыгып, борбордогу дүкөндөр талап-тонолуп, бир канча ишкерлердин бизнеси талкаланган.

«Жоогазын революциясынан» кийин бийликке Курманбек Бакиев келди.

Акаевдин бийлиги кулаганы менен система өзгөрбөгөнү үчүн 2010-жылы кайрадан бийликти күч менен кулатуу кайталанды.

Количество просмотров: 595