Президент Чүйдөгү өкүлүн жана Сокулуктун акимин кызматтан алууну тапшырды. Алар жер мунапысы багытында канааттандырарлык эмес иш алып баргандыгы үчүн иштен айдалып жатат.
Буга чейин Ак-Ордо конушунда үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган аялдын окуясы чуу жараткан.
Марал Шаболотованын үйү кошунасы жазган арыздын негизинде 1-март күнү кечинде буздурулган.
Ал эми Жогоку соттон Шаболотова үйдү мыйзамсыз куруп алган деп билдиришкен.
Бийлик өкүлөрү окуянын мыйзамдуулугун иликтей турганын айтып, үй куруп беришерин айтып чыгышты.
5-мартта Жапаров үйү түрттүрүлгөн аялдан кабар алган.
Өткөн жылы «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамда жер мунапысы жарыяланган.
Бирок бул мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу боюнча иш канааттандырарлык эмес экендиги, өзгөчө Чүй облусунда терс көрүнүштөр менен коштолуп жатканы айтылды.