Президент Садыр Жапаров Бишкектеги №1046 шайлоо тилкесинен Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого добуш берди.
Шайлоо тилкесине өлкө башчысын жубайы жана президенттин администрациясынын кызматкерлери коштоп келишти.
Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округдан 460 талапкер ат салышууда, анын 271и эркектер, 189у аялдар.
Шайлоочулардын акыркы тизмесинде 4 млн 294 миң 243 жаран бар.