Жогорку Кеңеш 1-мартта Каныбек Иманалиевди Билим берүү жана илим министри кылып дайындоого макулдук берди.
Билим берүү тармагын башкарууга билек түрө киришкен Иманалиев алдыга бир катар олуттуу пландарды койгон.
Ал эми айрым депутаттар Билим берүү министринин бат-баттан алмашуусун сынга алышты.
Жапаровдун өкмөтү иштеп баштаганына 2 жыл болду. Бул аралыкта эле Билим берүү министри 4 жолу алмашты.
2022-жылдын октябрында министр болгон Уланбек Мамбетакунов кызматтан 24-февралда кеткен.
4 ай министр болгон Мамбетакуновдун кызматтан кетүүсүнүн себеби айтылган жок.
Ал пара алууга шектелип кармалган Алмаз Бейшеналиевдин ордуна келген.