Бишкек.12.12.2018.Govori.TV
Жалал-Абад облусунун Кербен шаарчасынын негизги көчөлөрүнүн бирине залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына шаар мэри Нарматалы Эсеналиев кабарлаган.
Мындан сырткары жакында жазуучунун ысымы шаардагы негизги маданият борборлорунун бирине ыйгарылат. Учурда Чыңгыз Айтматовдун ысымы бериле турган имаратта оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө.