• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Керималиев: Жазгы айдоо 291,1 миӊ га аянтта жүргүзүлүп, тапшырма 47,4%га аткарылды

6 Чын куран 202014:54 Бишкек Govori.TV

Республика боюнча жазгы айдоо 291,1 миӊ га аянтта жүргүзүлүп, тапшырма 47,4%га аткарылып, өткөн жылдан 37,3 миӊ көп болууда. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев Өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, министрлик быйыл дан жана чанактуу өсүмдүктөрдүн эгин аянтын көбөйтүүнү пландаган.

«2020-жылдын 3-апрелине карата күздүк кылкандуу дан эгинди азыктандыруу жер-жерлерде жүргүзүлүп, тапшырма 89,2 миӊ га аянтта же 74,7% аткарылды. Анткени, азыркы учурда көп рентабелдүү болгон айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү менен бирге заман талабына ылайык министрликте азык-түлүк коопсуздугун кароонун алкагында кылкандуу эгиндердин аянтын көбөйтүүнү максат кылганбыз», — деп билдирди ал.

Количество просмотров: 114