Парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Эрулан Кокулов кесиптештерине ачууланып, жыйындан чыгып кетип калды.
Жыйында депутаттар “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда карамак.
Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Айсулуу Абдылдаева мыйзам долбоорун күн тартибинен алып турууну жана бул маселе боюнча бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча ЖК комитетинин чечимин күтүүнү суранды.
Бул өтүнүч боюнча депутат Эрулан Көкүлов нааразы пикирин айттты.