• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

«Кесиптик бирликтер тууралуу» мыйзамдын аткарылышын иликтеген комиссиянын отуруму өтүүдө

24 Бирдин айы 2020 14:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңеште «Кесиптик бирликтер тууралуу» мыйзамдын аткарылышын иликтеген депутаттык комиссиянын отуруму өтүүдө.

Отурумда Башкы прокуратура, Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат.

Депутат Кожебек Рыспаев укук коргоо органдарынын берген жообуна ынанган жок. Анын пикиринде, атайын банкроттук абалга жеткирилип, эс алуу үйлөрү, санаторийлер сатылып жатат.

«Оркойуп чыгып турган нерсени көрбөй жатабыз. «Абшир-Ата» сыяктуу мекеме жайлар эмне себептен сатылып кеткен? Бүгүн укук коргоо органдарынын берген жообуна ынанган жокмун. Тергөө жүрүп жатат деген менен эч кандай жылыш болгон жок. Эски материалдарды алып келип барактап жатасыңар. Мүлктөрдү сатып жибергени жаш балага деле белгилүү болуп жатпайбы. Эмне үчүн аны Финчалгындоо кызматы көрбөй жатат? Мындай маселеге тикеме-тике мамиле кылуу керек. Кийинки жыйынга чейин баарын баштан-аяк дыкаттык менен карап чыккыла»,-деп билдирди депутат Рыспаев.

Жыйын жүрүшүндө аймактардагы Кесиптик кошуун бирликтеринин мүчөлөрү каражаттарды чыгаруу боюнча коррупциялык фактылар жана схемалар, объекттердин мыйзамсыз менчиктештирилиши жана сатылышы белгиленип, «Абшир-Ата» турбазасы, «Красная гвоздика», сыяктуу мекеме жайлар тууралуу кеп козголуп, укук коргоо органдарына кайрадан толук иликтөө тапшырмасы берилди.

Количество просмотров: 67