Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айылында кампадан чыккан ири өрт саат 11:47 толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кездеме сактоочу жайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, 04:45тен тарта жалпы ӨКМдин 5 өрт өчүрүүчү бөлүмү, Штаб, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, саат 07:00дө «Тазалык» ишканасынан 2 суу ташуучу унаа жана РЭТинен 1 бригада тартылып, саат 07:48де чектөөгө алынган.
«Болжол менен өрттүн аянты 550 чарчы метрди түзөт. Бактыга жараша тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Ага улай эле өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам 2 кампа сакталып калды», — деп айтылат маалыматта.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгым такталууда.