• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

«Кезек кимибизде айтып койгулачы». Депутат Кадырбеков кайрылуу жасады

6 Аяк оона 2023 11:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Ыйман Нуру» фракциясынын депутаты Нуржигит Кадырбеков сөз сүйлөп, өлкөдө болгон акыркы кырдаалдар тууралуу өз пикирин менен бөлүштү.

Депутат өз сөзүндө депутаттарды мандатынан ажыратылышы тууралуу да маселеге көтөрүп, чечим кабыл алган тийиштүү органдарга кайрылды.

«Эми караңыздар бир депутат кетти ордуна шайлоо эки жолу, дагы бирөө кетти ордуна башканы жөн эле алып келип койдуңуздар. Жаңы келген депутатыбызга катуу тийип калбасын, айтпасак да болбойт. 3 күндүк мөөнөттү калыбына келтирип туруп эки жылдан кийин алып коюп жатасыздар. Кезек кимибизде айтып койглачы…», — деди депутат өз сөзүндө.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 26-августта Өмүрбек Бакировду депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратып, күбөлүгүн жокко чыгарган. Сот мындай чечимди күчүндө калтырган.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакировду 29-августта Ош облустук милициясы кармап кеткен.

Ал эми бүгүн, 6-сентябрдагы жыйынында Бакировдун ордуна келген депутат Равшанбек Рысбаев ант берди.

Количество просмотров: 2468