Ишкер Имамидин Ташов негиздеген «KG Групп» курулуш компаниясынын лицензиясы боюнча маселе каралып жатат. Бул тууралуу 12-январда Архитектура, курулуш жана турак-жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.
Анын сөзүнө караганда, Бишкекте «KG Групп» компаниясы курган 9 объект бар.
«Анын ичинен үч көп кабаттуу үй пайдаланууга берилген. Калган үйлөрдүн документтери туура эмес болгондуктан дагы деле кабыл алына элек. Бирок аларда адамдар жашап жатат. Азыркы учурда тийиштүү иштерди жүргүзүп жатабыз. Аталган компаниянын лицензиясын кароого мажбур болуп жатабыз жакынкы арада бул боюнча маалыматтарды бергенге даярбыз», — деди Нурдан Орунтаев.