• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Кичи ажылыкка жөнөтөм деп элдерден акча алган аял кармалды

10 Баш оона 202216:59 Бишкек Govori.TV

Умра кичи ажылык сапарына жөнөтөм деп элдерден акча алган аял кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай РИИБне акыркы бир ай аралыгында Умра кичи ажылык сапарына жөнөтөм деп акчабызды алып, сапарга жөнөтпөй бизди алдап жүрөт деген таризде жалпысынан 16 арыз түшкөн.

Бул арыздар Кадамжай РИИБнин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чарасынын негизинде 2022-жылдын 9-август күнү Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын эч жерде иштебеген 39жаштагы А.Б. аттуу тургуну Ош шаарында жүргөн жери аныкталып, кармалды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары кармалган А.Б. 20адамдын ар биринен 75000сомдон акча алып жүргөнү белгилүү болду. Азыркы учурда кармалган шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат. Урматтуу жарандар дагы кимдир бирөө акчасын алданып берген болсо, Кадамжай РИИБне кайрылсаңыздар болот.

Количество просмотров: 172